Мамлекеттик ипотекалык компаниянын демилгеси менен Курулуш министрлиги «Ынтымак» турак жай комплексин курууда колдонулуп жаткан арматурага экспертиза жүргүздү. Бул тууралуу ипотекалык компаниядан билдиришти.
“Министрликтин жыйынтыгына ылайык, Техникалык көзөмөлчү колдонулуп жаткан арматура бардык талаптарга жана стандарттарга жооп берерин тастыктады.
Ошондой эле биз автоклавдык газоблок өндүргөн заводго барып келдик — дал ушул материал менен келечектеги комплексинин дубалдары тургузулууда.
Мамлекеттик ипотекалык компания ар дайым курулуш иштеринде сертификатка ээ жана сапаты текшерилген материалдарды гана колдонот. Бул — жогорку сапат жана коопсуздук кепилдиги.
Газоблок кышка караганда сапаты төмөн деген мифтерге карабастан, дүйнөлүк тажрыйба тескерисин көрсөтүүдө: автоклавдык газоблок асман тиреген бийик имараттарды курууда кеңири колдонулат.
Бул материал жогорку бекемдиги, жакшы жылуулук изоляциясы жана жүктөмгө туруктуулугу менен айырмаланат”-,деп айтылат маалыматта.