Министрлик эскертет! Унаа жолдорунун жээктеринде мыйзамсыз курулуштарга жол берилбейт

Транспорт жана коммуникациялар министрлиги автомобиль жолдорунун бөлүнгөн тилкелеринде жана жол боюндагы коргоо зоналарында мыйзамсыз объекттерди жайгаштырууга жол берилбестигин эскертет. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Кыргыз Республикасынын «Автомобиль жолдору жөнүндө» Мыйзамына ылайык, жол тилкелеринин туурасы алардын техникалык категориясына жараша белгиленет жана I–V категориядагы жолдор үчүн 32 метрден 12 метрге чейин аныкталат.

Ошондой эле жол жээгиндеги коргоо тилкелери коопсуздукту камсыз кылуу жана жол инфраструктурасын өнүктүрүү максатында өзүнчө режимде корголот.

Мыйзамга ылайык, бул аймактарга жол кыймылынын коопсуздугу үчүн зарыл болгон жол сервисинин объекттерин гана (аялдамалар, токтоо аянтчалары, эс алуу жайлары ж.б.) жайгаштырууга уруксат берилет.

Белгиленген тартипти бузуу менен тургузулган бардык курулуштар жана объекттер мыйзамсыз деп таанылып, жол ээлери тарабынан аларды буздуруу иштери жүргүзүлөт. Келтирилген чыгымдар мыйзам бузган тараптардын эсебинен өндүрүлөт.

Мындан улам министрлик жарандарды жана уюмдарды унаа жолдорунун жерлерин пайдаланууда мыйзам талаптарын так сактоого чакырат.

11 Июнь 2026 жыл 16:24
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча