Кыргызстандын АКШдагы элчиси Эдил Байсалов АКШнын Монтана штатынан шайланган сенатору Стив Дэйнс жана Юта штатынан шайланган Жон Кертис менен жолугушту.
ТИМден билдиришкендей, жолугушуулардын жүрүшүндө тараптар кыргыз-америка эки тараптуу кызматташтыгын мындан ары өнүктүрүү, анын ичинде парламенттер аралык диалогду чыңдоо, өз ара сапарларды уюштуруу жана биргелешкен иш-чараларды өткөрүү маселелерин талкуулашты.
Эдил Байсалов америкалык сенаторлорго Кыргызстанда жүргүзүлүп жаткан реформалар жана өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүндө жетишилген натыйжалар тууралуу маалымат берди.
Өзгөчө, ал экономиканын туруктуу өсүү темптерин, мамлекеттик башкаруунун чыңдалышын, ошондой эле ири стратегиялык инфраструктуралык жана инвестициялык долбоорлордун ишке ашырылып жатканын белгиледи.
Өз кезегинде сенаторлор Стив Дэйнс жана Жон Кертис Кыргызстанда жүргүзүлүп жаткан өзгөртүүлөргө жогору баа берип, эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө көмөктөшүүгө, ошондой эле талкууланган демилгелерди жана биргелешкен пландарды колдоого даяр экендиктерин билдиришти.