3 унаа бактын алдында калган. Бишкектеги катуу шамалдын кесепетинен жалпы 37 бак кулаган

Бишкек шаарында кечээ, 10-июндагы катуу шамалдын кесепетинен жалпы 37 бак кулаган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Маалымдалгандай, бир көп кабаттуу батирдин жана жер үйдүн чатырларын учурган, үч унаа бактын алдында калган.

Шамалдын кесепетин жоюуга ӨКМден ыкчам топ жана жергиликтүү бийлик органдарынан кызматкерлер тартылган.

Буга чейин катуу шамалда дарак кулап, 23 жаштагы кыздын акыреги сынып кеткени маалымдалган болчу.

11 Июнь 2026 жыл 16:09
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча