Москва районунда өлүм менен коштолгон окуя болду. Милиция эмне дейт?

Москва районунда киши өлтүрүүгө шектелген жарандар кармалды.

Чүй облустук милициясынан билдиришкендей, 20-январда саат 10:00 чамасында Москва районунун Жалпы дарыгердик практика борборунан милицияга билдирүү түшкөн. Анда 37 жаштагы С.Я. аттуу жаран ооруканага жетпей, тез жардам унаасында каза болгону маалымдалган.

Маалымат катталып, андан соң окуя болгон жерге тергөө-ыкчам тобу чыгып барган.

Текшерүүнүн жүрүшүндө С.Я. мурда тааныштары П.И. жана М.М. менен пикир келишпестиктен улам урушуп кеткендиги аныкталган. Ал 19-январда болжол менен саат 22:00 чамасында жогорудагы жарандар менен жолугушуу үчүн чыгып, үйүнө мас абалында жана дене жаракаттары менен келген.

Аталган факты боюнча соттук-медициналык экспертиза дайындалып, анын жыйынтыгында алган жаракаттарынын кесепетинен (баш сөөк-мээнин ачык жаракаты, сол жак маңдай сөөгүнүн сыныгы, баш сөөгүнүн ичине кан куюлуу, баш мээнин жабыркашы) каза болгондугу аныкталган.

Факты боюнча Адам өлтүрүү беренеси менен кылмыш иши козголуп, шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Учурда тергөө иштери улантылууда.

27 Январь 2026 жыл 12:18
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча