Мындан ары Бишкектин көчөлөрүндөгү карды ээритүүдө кум чачылбайт. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине берген маегинде мэр Айбек Жунушалиев билдирди.
Анын айтымында, бул чечим шаардын экологиясына жана тазалыгына кам көрүү максатында кабыл алынды. Анткени кум менен кар аралашканда жолдор булганат.
“Эми шаарды кирдетпеш үчүн кум чачылбайт. Биз эми жолдордогу карды ээритүүдө тузду гана колдонобуз”, — деди ал.