НАРЫН: КЫНДА АШУУСУ ЖАЗГА ЧЕЙИН ЖАБЫЛДЫ

Ат-Башы – Кында – Торугарт автожолунун 65-73-чакырымындагы Кында ашуусу 1-апрелге чейин убактылуу жабылды. Ашуу 2025-жылдын 6-ноябрынан 2026-жылдын 1-апрелине чейин жабык болот. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Ал эми жакынкы күндөрү Калмак-Ашуу ашуусун жабуу пландалууда.
Буга чейин Жалал-Абад облусуна караштуу Кара-Буура жана Сары-Кыр ашуусу жазга дейре жабылган. Чаткал жана Сузак райондорунун акимдеринин буйругуна ылайык, аймакты караган жол тейлөө ишканалары тарабынан тиешелүү жерлерге каттамдардын жабылгандыгын көрсөткөн жол белгилери орнотулган.

6 Ноябрь 2025 жыл 16:02
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча