Нарындагы аскер бөлүгү көчүрүлүп, бошогон батирлер муктаждарга берилет

Нарындагы аскер бөлүгү көчүрүлүп, бошогон батирлер муктаждарга берилет. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров бүгүн, 24-июнда Нарын облусуна болгон иш сапарынын алкагында Нарын шаарынын жана Нарын районунун активи жана тургундары менен жолугушуусунда билдирди.

«Шаар тургундарын турак жай менен камсыз кылуу максатында “Тайлак баатыр” атындагы №2025 аскер бөлүгүн шаар четине көчүрүп, бошотулган 128 батир капиталдык оңдоодон өткөрүлүп, үйгө муктаждарга социалдык ипотека аркылуу берилмекчи”, — деди президент.

24 Июнь 2026 жыл 16:32
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча