Орунбеков: Жалган маалымат таратып, улут аралык кастыкты козуткандар мыйзам алдында жооп берет

Президенттик администрациянын маалыматтык саясат кызматынын башчысы Дайыр Орунбеков социалдык тармактар аркылуу жалган жана такталбаган маалыматтарды таратып, коомду жана улут аралык кастыкты козутууга аракет кылгандар мыйзам чегинде жоопко тартыла турганын билдирди. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасына жазды.

“Президент болом дегенде түшүнө акталган таруу кирген саясатчылар бар. Алар өздөрүнүн фейктери аркылуу бийликти жамандап, «кытай басып кетти”, “жерлер сатылып жатат”, “тышкы карыз көбөйүп кетти» деген сыяктуу дооматтарды соцсеттер аркылуу таратып келишкен.

Буга чейин Адахан Мадумаров, Алмазбек Атамбаев жана НПОчулардын фейктери таратып келген болсо, эми аларга Камчыбек Ташиевтин командасынын фейктери кошулду.

Эми эртең ушуларды аныктап, кармап барып камап коюшса, эне аталары жана бир туугандары «балабызды жөн эле камап коюшту, кызыбызды жөн эле сурака чакырды»,-деп наалып чыгасыңар.

Ошондуктан азыртадан токтобосоңор жакын арада башчыларыңар менен кошо камаласыңар. Жогорудагы темалар боюнча таратып жаткан маалыматыңар суу кечпейт. Жалган маалыматтарды таратып, улут аралык кастыкты козуткандыгыңар үчүн мыйзам алдында жооп берип, камаласыңар. Токтоткула ушагыңарды. Темир жол бүтүп, завод-фабрикалар салынышы керек. Биз өндүрүшү өнүккөн, экономикасы кубаттуу, эмгек акылары менен жөлөк пулдары жогоруу өлкөдө жашагыбыз келет. Силерге 30 жыл алдандык. Эми алданбайбыз.

Президенттин Администрациясынын Кырдаалдык борборунун мониторинг бөлүмү социалдык тармактар аркылуу коомчулукту козутууга аракет кылган аккаунттарды, алардын байланыштарын аныктап жатат. Мындан тышкары, укук коргоо органдары дагы иш алып барууда. Андыктан, такталбаган жана улут аралык кастыкты козуткан маалыматтарды таратуудан алыс болуңуздар” — деп жазган Орунбеков

20 Июль 2026 жыл 13:46
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча