
Орусиянын Брянск облусунда Москваны көздөй бараткан жүргүнчү ташыган поездге машина өтчү жолдогу көпүрө кулап, бери дегенде жети адам мерт болду, дагы 69 киши жараат алды. Окуя 31-майда кечки саат 10дон өткөндө болду.
«Москва темир жолдору» ишканасы “сырткы кийлигишүүнүн” негизинде көпүрөнүн тирөөчтөрү сынганын, ал поездге кулап түшкөнүн билдирди, бирок кандай кийлигишүү экенин тактаган жок.
Би-Би-Си мындай сүйлөм буга чейин адатта темир жолдордо жардыруу болгондо колдонулуп келгенин белгиледи.
Учурда жеринде куткаруучулар иштеп жатканы маалымдалды.