Куланак ГЭСи качан ишке берилет?

 Бүгүнкү күндө Куланак ГЭСин куруу иштери кызуу жүрүүдө.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, учурда дамба, ГЭСтин имараты жана узундугу 6,5 чакырымды түзгөн суу жеткирүүчү канал курулууда.

Куланак ГЭСи Нарын районунда «Нарын» өндүрүштүк ишканасы тарабынан ишке ашырылып жатат. Долбоордун кубаттуулугу 100 МВтты түзүп, жылына 435 млн кВт/саат электр энергиясын өндүрөт.

Бүгүн, 17-июнда министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – министр Эрлист Акунбеков Куланак ГЭСинин курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышып, жооптуу тараптарга курулуш иштерин белгиленген мөөнөттө жана сапаттуу бүткөрүүнү камсыздоо боюнча тапшырмаларды берди.

Белгилей кетсек, ГЭСти 2027-жылы пайдаланууга берүү пландалууда. Долбоор толук ишке киргенден кийин өлкөдөгү электр энергиясынын тартыштыгын кыскартууга салым кошуп, 2 миңге жакын жаңы жумуш орундары түзүлөт.

17 Июнь 2026 жыл 17:56
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча