Кытай жараны сабады деген кыздын арызы. Милиция эмне дейт?

Ысык-Көлдө чет элдик жаран сабады деген котормочу кыздын арызы боюнча милиция териштирүү жүргүзүп жатканын билдирди. Ысык-Көл райондук милициясы билдиргендей, 15-июнда 28 жаштагы Э.М. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Ал чет өлкөлүк жаран анын аброюна шек келтирип, түкүрүп, бейбаштык жасаганына чара көрүүнү суранган.

“Алдын ала текшерүүдө арыздануучу Э.М. Ысык-Көл районунун аймагындагы курулуш компанияларынын биринде котормочу болуп эмгектенгени аныкталган. 2026-жылдын 15-июнунда саат 19:13 чамасында сейилдеп жүргөн учурда чет өлкөлүк жаран Л.Ю. анын жанына келип, бетине чаап, түкүрүп жибергени такталган. Учурда аталган факты боюнча соттук-медициналык экспертиза дайындалып, окуяга тиешеси бар 1980-жылы туулган чет өлкөлүк жаран Л.Ю. жана күбө адамдар суракка алынып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери улантылууда”, — деп жазылган маалыматта.

Белгилей кетсек, мунун алдында социалдык тармактарда өзүн кытайлык компанияда котормочу болуп иштейм деп тааныштырган кыз аны кытай жараны сабаганын айтып чыккан. Бул окуя курулуш жүрүп жаткан аймакта болгонун, милиция кызматкерлерин да ошол жерге чакырышканын тактаган. Сурак бергенден кийин кызды сабады делген жаран коё берилгени белгиленген.

17 Июнь 2026 жыл 18:39
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча