Ички иштер органдарына белгисиз жарандар тарабынан коркутуу жолу менен 500 миң сом акча талап кылынгандыгы тууралуу арыз түшкөн.
Текшерүүнүн жыйынтыгында аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренеси (Опузалап талап кылуу) менен кылмыш иши козголуп, ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлгөн. Жүргүзүлгөн иш-чаралардын алкагында бул кылмышка тиешеси бар деп күбө катары 7 жаран Тергөө бөлүмүнө жеткирилип, сурак жүргүзүлгөн. Аныкталгандай, алардын айрымдары уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турган.
Ал эми тергөө иштеринин жүрүшүндө, алардын ичинен бир нече жолу соттолгон 1996-жылы туулган К.Э. жана 2002-жылы туулган М.Ш. аттуу жарандар аныкталып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда кылмыш ишинин бардык жагдайларын тактоо жана башка тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча тергөө амалдары улантылууда.