Ошто автоматтык эсептөө урнасын уурдоого шектүүлөр кармалды

Ош облустук ички иштер башкармалыгы Араван районунда автоматтык эсептөө урнасын (АСУ) уурдаган деген шек менен 22 жана 23 жаштагы эки адам кармалганын билдирди.

Облустук милициянын маалыматында 14-октябрда Араван районунун ички иштер бөлүмүнө Маңгыт айылындагы мектептердин биринен бир компьютер, эки принтер жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого орнотулган бир электрондук шайлоо урнасын (АСУ аппаратын) жана урнанын үстүндөгү бюллетень эсептөөчү жабдык уурдалганы тууралуу маалымат түшкөн.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Уурдоо” беренеси менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары башталган. Анын жүрүшүндө коомдук жайларга орнотулган видео камералардын жазуулары каралып чыгып, кылмышка шектүүлөр айдап жүргөн автоунаа аныкталган.

Ош облустук ички иштер башкармалыгынын Кылмыш иликтөө бөлүмүнүн жана Араван райондук милициясынын кызматкерлери кылмышка шектүү катары 22 (Ж.Р.) жана 23 (М.уулу А.) жаштагы эки адамды кармап, алар убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Автоматтык эсептөө урнасы (АСУ) мектепке качан жеткирилгени тууралуу маалымат жок. 20-октябрда өлкө боюнча бардык шайлоо тилкелеринде тесттик добуш берүү өткөн.

Жогорку Кеңеш 25-сентябрда өзүн өзү таркатып, президент Садыр Жапаров парламентке кезексиз шайлоону 30-ноябрга дайындаган.

21 Октябрь 2025 жыл 10:53
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча