Парламенттик шайлоодо талапкерлер үгүткө канча сом сарптады?

Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) Көзөмөлдөө-текшерүү тобу Жогорку Кеңештин депутаттарын көп мандаттуу шайлоо округдары боюнча мөөнөтүнөн мурда 30-ноябрда өткөн шайлоого катышкан талапкерлердин шайлоо өнөктүгүнүн каржылоосу тууралуу жалпы маалымат таратты.

Анда айтылгандай, бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча талапкерлер өз-өзүнчө, ал эми 9 талапкерди көрсөткөн “Ынтымак” саясий партиясы чогуу шайлоо фонддорун түзүштү. Натыйжада БШК белгилеген “Элдик Банкта” жана “Айыл Банкта” 510 атайын эсеп ачылды.

29-ноябрга карата бул эсептерге 1 млрд 791 млн сом түшкөн. Бул сумманын ичинен 1 млрд 582 млн сом шайлоодогу үгүт иштерине сарпталып, 209,2 млн сом пайдаланылбай калды.

2 Декабрь 2025 жыл 15:30
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча