Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кар көчкүгө байланыштуу шашылыш билдирүү таратты.
Ага ылайык, өлкөнүн тоолуу райондорунда жана автоунаа жолдорунда кар көчкү түшүү коркунучу жана кар күрткүсү сакталууда. Жолдор тайгак болуп, муз тоңушу ыктымал.
Кооптуу тилкелердин тизмеси:
ӨКМ айдоочуларга тоолуу жолдор менен каттамга чыгууда унаалардын ортосундагы 500 метрлик аралыкты сактоону сунуштайт. Ошондой эле, унаалардын техникалык абалына көңүл буруп, дөңгөлөк чынжырларын, алгачкы жардам көрсөтүүчү каражаттарды жана алып жүрүү зарыл.