27-30-июнда күн катуу ысып жана нөшөрлүү жаан-чачын күтүлүп жатканына байланыштуу өлкөнүн аймагында сел жүрүшү мүмкүн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
«Республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүп, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлөт», — деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, быйыл жаан-чачын көп болуп, сел жүргөн, өзгөчө кырдаал жарыяланган учурлар көп катталууда.