Шашылыш билдирүү! Бишкек жана Чүйдө катуу шамал күтүлөт

Кыргызгидромет кызматы шамалга байланыштуу шашылыш билдирүү таратты.

Ага ылайык, жакынкы сааттарда борбор калаада жана Чүй өрөөнүндө күн күркүрөшү, ошондой эле батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15–20 метрге чейин күчөшү күтүлөт.

Тургундарга коопсуздук чараларын сактоо, мүмкүн болушунча дарактардын, жарнамалык конструкциялардын жана электр чубалгыларынын жанында турбоо, ошондой эле жолдордо этият болуу сунушталат.

Айдоочуларга ылдамдыкты азайтуу, аралыкты сактоо жана сапарларды пландаштырууда аба ырайынын начарлашын эске алуу кеңеш кылынат.

29 Июнь 2026 жыл 12:56
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча