ШАШЫЛЫШ БИЛДИРҮҮ! ТООЛУУ АЙМАКТАРДА СЕЛ ЖҮРҮШҮ КҮТҮЛҮҮДӨ

ӨКМдин Кыргызгидромет кызматынын билдирүүсүнө ылайык 2025-жылдын 8-сентябрында күндүн экинчи жарымында жана 9-сентябрдан 10-сентябрына чейин туруксуз аба-ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу Жалал-Абад, Ысык-Көл облусунун тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.

Буга байланыштуу ӨКМ жер-жерлерде жарандык коргонуу кызматтарынын күч жана каражаттарын даярдык абалда кармоону эскертет!

Кырсык катталганда 112 номерине чалыңыз. Чалуу акысыз жана күнү-түнү кызматта.

8 Сентябрь 2025 жыл 14:19
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча