Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу аткаруу бийлиги менен депутаттардын ортосундагы маселе боюнча 4-февралда президент Садыр Жапаров менен сүйлөшкөнүн билдирди.
“Мен кечээ бул жерде айтылган сын-пикирлерден сөзсүз жыйынтык чыгат деп ойлойм. Эң башкысы, өлкөбүздө тынчтык, ынтымак-ырашкерлик болушу керек. Сөзсүз түрдө бийлик бутактары бири-бирибизди сыйлап, алдыга жыла беришибиз керек”, — деди төрага.
Ал парламент менен аткаруу бийлигинин ортосундагы көз караштардын келишпестиги “кадыресе көрүнүш” экенин кошумчалады.
Белгилей кетсек, аткаруу бийлиги менен Жогорку Кеңештин ортосундагы маселе автомектептердин жана айдоочуларды окутуудагы өзгөрүүлөр боюнча талкуулардан улам жаралды.