ТҮНДҮК–ТҮШТҮК АЛЬТЕРНАТИВДИК УНАА ЖОЛУ ТАЗАЛАНЫП, КАТТАМ ЭКИ ТАРАПТУУ АЧЫЛДЫ

21-июнда нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен Түндүк–Түштүк альтернативдик унаа жолунун 361–370-чакырым аралыгына сел түшкөн. Жеринде атайын техникалар тартылып, тазалоо иштери ыкчам жүргүзүлдү. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

“Натыйжада жол бүгүн, 22-июнда, таңкы саат 05:00дө тазаланып, каттам эки тараптуу ачылды.Учурда жолду кеңейтүү боюнча иштер жүргүзүлүүдө”,-деп айтылат маалыматта.

22 Июнь 2026 жыл 11:08
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча