23-июнга күтүлгөн аба ырайы

23-июнда түнкүсүн Ош, Жалал-Абад, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Баткен, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде, Чүй, Талас облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Ош, Жалал-Абад, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаайт.

Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 16…21, күндүз 32…37;

Талас өрөөнүндө түнкүсүн 12…17, күңдүз 30…35;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 15…20, күңдүз 31…36;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 10…15, күңдүз 23…28;

Нарын облусунда түнкүсүн 8…13, күндүз 22…27;

Бишкекте жаан-чачын жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 18…20°, күндүз 34…36° жылуу болот.

22 Июнь 2026 жыл 17:13
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча