Бишкектеги массалык уулануу. Жабыркагандардын саны 58ге жетти

Бишкектеги медреселердин биринде массалык тамак-аштан уулануунун кесепетинен жабыркагандардын саны 58 кишиге жетти. Бул тууралуу Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасынын башкы дарыгери билдирди.

Анын айтымында, 23 бейтап ооруканага жаткырылып, калгандары амбулатордук дарыланууга жөнөтүлгөн.

Белгилей кетсек, бейтаптардын бири ооруканага түшкөндө абалы оор болуп, реанимация бөлүмүнө жайгаштырылган. Дарыгерлердин айтымында, учурда анын абалы турукташып, палатага которулду.

Үч бейтап кечээ кечинде стационардан өз билемдик менен чыгып кеткен. Азыркы тапта ооруканада 20 адам дарыланууда.

Эске салсак, текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча жалпы суммасы 41 миң сомдук укук бузуу тууралуу үч протокол түзүлгөн.

Андан сырткары, аныкталган мыйзам бузуулар четтетилгенге чейин медресенин ишмердүүлүгүн убактылуу токтотуу боюнча көрсөтмө даярдалды

22 Июнь 2026 жыл 11:27
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча