Нарында күчү 3,1 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Сейсмология институтунан билдиришти.
Алдын ала маалыматка ылайык, жер титирөөнүн очогу Кара-Булак айылынан 12 чакырым түндүк-батышта, Баетов айылынан 45 чакырым түштүк-батышта, Нарын шаарынан 86 чакырым түштүк-батышта жайгашкан.
Зилзаланын күчү Кара-Булак жана Орто-Сырт айылдарында 2,5 баллды түздү.
Кошумчалай кетсек, 19-июнда өлкөдө күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталган. Зилзаланын очогу Кытайдын аймагында, Нарын шаарынан 185 чакырым батыш-чыгышында жайгашкан.