Бишкекте кыска убакыттын ичинде мамлекеттик объектилерге жарылуучу заттар коюлганы тууралуу 15тен ашык жалган маалымат түштү. Бул тууралуу борбор калаанын Ички иштер башкы башкармалыгынан билдирет.
Сигналдар түшкөндөн кийин милиция кызматкерлери аймактарды дароо курчоого алып, кызматкерлерди жана келген конокторду эвакуациялоону уюштурушкан. Ошондой эле окуя болгон жерлерге ыкчам-тергөө топтору, профилдик кызматтардын адистери жана кинологдор кызматтык иттери менен жөнөтүлгөн.
Милициянын маалыматы боюнча, объектилердин көбүндө текшерүү иштери аяктады. Жарылуучу заттар бар деген маалымат тастыкталган жок.
Бир катар объектилерди текшерүү дагы деле уланууда. Укук коргоо органдары окуянын чоо-жайын жана жалган маалыматтарды жөнөтүүгө тиешеси бар адамдарды аныктоо иштерин жүргүзүп жатышат.
Дагы кошумча маалымат берилет.