23–25-июнь күндөрү аба ырайынын туруксуздугуна жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу өлкөнүн тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүү коркунучу бар. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү мүмкүн.
Транспорт министрлиги жарандарды жолдо жүрүүдө коопсуздук эрежелерин так сактоого жана аба ырайынын шарттарын эске алууга чакырат.