Президент Садыр Жапаров бүгүн, 23-июнда Нарын облусуна болгон иш сапарынын алкагында Жумгал районунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн абалы жана динамикасы менен таанышты.
Анда белгилүү болгондой, 2021–2025-жылдары райондо жол тармагында 428,4 млн сомдук иштер аткарылды. 35,7 чакырым жол асфальтталып, 89 чакырым жолго шагыл төшөлдү, жалпы аянты 133 миң чарчы метрден ашык жол бетинде оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлдү.