Жыргалаңдагы тоо-лыжа курортунун курулушун тездетүү тапшырылды

Ысык-Көл облусунун Жыргалаң айылындагы В1 жана В2 асма аркан жолдорунун техникалык ачылышынын алдында «Ала-Тоо Резорт» жыл бою иштей турган тоо-лыжа кластерин ишке ашыруу боюнча көчмө кеңешме өттү.

«Ала-Тоо Резорт» ААКтан билдиришкендей, кеңешме президенттин администрациясынын жетекчисинин орун басары – президенттин жана министрлер кабинетинин чечимдерин даярдоо башкармалыгынын башчысы Азамат Кадыралиевдин төрагалыгы алдында уюштурулду.

Жыйынга бул ири долбоорду ишке ашырууга түздөн-түз катышып жаткан негизги министрликтердин жана ведомстволордун жетекчилери катышты.

Көчмө кеңешменин алкагында катышуучулар курорт аймагындагы инженердик жана туристтик инфраструктуранын курулуш иштеринин жүрүшү менен жеринде таанышышты. «Ала-Тоо Резорт» комплекси өлкөнүн туристтик дараметин арттырууда жана Жыргалаң аймагын жыл бою иштей турган эл аралык деңгээлдеги туризм борборуна айлантууда өзгөчө мааниге ээ.

Жыйындын жыйынтыгында тиешелүү мамлекеттик органдарга долбоорду ишке ашыруу иштерин ыкчамдатуу, келип чыккан маселелерди өз убагында чечүү жана белгиленген мөөнөттөрдүн так сакталышын көзөмөлдөө боюнча конкреттүү тапшырмалар берилди.

23 Июнь 2026 жыл 11:16
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча