Бүгүн, 14-январдагы Жогорку Кеңештин жыйынында Төрага Нурланбек Тургунбек уулу мыйзам долбоорлору биринчи мамлекеттик тилде жазылышы керектигин баса белгиледи.
“Бардык мыйзам долбоорлоруна талап бирдей. Ар бир мыйзам долбоору биринчи кезекте мамлекеттик тилде – кыргызча жазылышы керек. Андан кийин расмий тилге которулушу кажет. Ушуну эске алгыла”, – деген Төрага аталган маселеге тыкыр көңүл буруу керектигин катуу эскертти.