ТҮРКСОЙ эл аралык түрк маданияты уюму Кыргызстандын Министрлер Кабинетине 2028-жылга карата эки демилге менен кайрылууну көздөп жатат. Бул тууралуу ТҮРКСОЙдун башкы катчысы Султан Раев билдирди.
Биринчи демилге залкар жазуучунун туулган күнүнүн 100 жылдыгына карата 2028-жылды түрк дүйнөсүндө Чыңгыз Айтматов жылы деп жарыялоону карайт.
Экинчи сунуш 2028-жылы Талас шаарына түрк дүйнөсүнүн маданий борбору макамын берүүгө тиешелүү. Ал эми Талас облусу — «Манас» эпосунун жана дүйнөгө белгилүү жазуучу Чыңгыз Айтматовдун кичи мекени болуп саналат.
ТҮРКСОЙдун катчылыгы тиешелүү сунуштарды расмий түрдө Кыргызстандын өкмөтүнө жөнөтүүнү пландаштырууда.