Таиланддын бийлиги Чиангмай провинциясындагы туристтик парктарда 72 жолборстун өлүмүнө себеп болгон кооптуу вирустун жайылышын токтотууга аракет кылууда. Бул тууралуу Казинформ кабарлады.
Маалыматта белгиленгендей, вирус эң көп жеке менчик Tiger Kingdom Mae Taeng жана Tiger Kingdom Mae Rim парктарында катталган. 8–19-февраль аралыгында биринчи паркта 51 жолборс, экинчисинде 21 жолборс өлгөн.
Алдын ала жүргүзүлгөн ветеринардык текшерүүлөрдүн жыйынтыгында 72 жолборстун баары мышыктардын парвовирусу (мышыктардын панлейкопениясы) менен жабыркаганы аныкталган.
Ошондой эле айрым жаныбарлардан жырткыч чумасынын вирусу жана Mycoplasma бактериясы табылган.
Эксперттердин айтымында жолборсторду дарылоо үй жаныбарларына караганда кыйла татаал. Алар адамдар менен дайыма тыгыз байланышта болбогондуктан, оорунун белгилери кеч байкалат жана бул учурда илдет күчөп кетиши мүмкүн.
Учурда бийлик өкүлдөрү парктардын бирин убактылуу жаап, эки жайда тең кирүүнү чектеген. Дезинфекция жүргүзүлүп, тирүү калган жолборстор карантинге алынды. Мындан тышкары, соо жаныбарларды эмдөө пландалууда.
Адистер жырткычтардын бул вирусу адамдар үчүн кооптуу эмес экендигин белгилешет.