.Таластын Айтматов районундагы мектептин курулушундагы 4,2 млн сомдук мыйзам бузуу боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Айтбаев орто мектебинин курулушуна жүргүзүлгөн текшерүүдө мыйзам бузуулар жана ири өлчөмдөгү бюджеттик каражат мыйзамсыз сарпталгандыгы аныкталган.
Тактап айтканда, облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын жооптуу кызмат адамдары иш жүзүндө аткарылбаган курулуш иштерин кабыл алышып, расмий документтерге жалган маалыматтарды киргизүү аркылуу подряддык уюмга мыйзамсыз 4 млн 200 миң сом акча каражатын төлөп беришкен.
Аталган факты боюнча «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» жана «Кызматтык жасалмачылык» беренелери менен кылмыш иши козголуп, учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.