Таштанды ыргыткандар эми көчө шыпыра баштайбы? Депутат мыйзам долбоорун сунуштады

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев көрктөндүрүү эрежелерин бузгандарды, таштандыны ой келди ыргытып же өрттөгөндөрдү жана суу курулмаларын бузгандарды 20 сааттан 40 саатка чейин коомдук жумуштарга тартууну сунуштады.

Эл өкүлүнүн айтымында, бул чара тартип бузууларды азайтып, шаарды тазалоого көмөк болот.

Мыйзам долбоорунда кош бойлуулар, мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар, 3 жашка чейинки баласы барлар жана 60 жаштан жогоркулар коомдук жумуштарга тартылбай турганы көрсөтүлгөн. 

Ошондой эле тартип бузуучуларды түнкүсүн же зыяндуу заттар менен иштетүүгө тыюу салынат.

21 Август 2025 жыл 12:10
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча