Терезени сындырып кирип, үй ээсин коркутуп…Кара-Балтада каракчылыкка шектелген жаран кармалды

Кара-Балта шаарында 31 жаштагы жаран каракчылыкка шектелип кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясы билдирди.

Маалыматка ылайык, ал 20-февраль түндө шаардагы үйлөрдүн бирине терезени сындырып кирип, үй ээсин коркутуп, ага дене жаракаттарын келтирген. Андан кийин сумкасындагы акча каражаттарын алып кеткен.

Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 207-беренеси (Каракчылык) менен кылмыш иши козголгон. Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Кылмыш ишинин алкагында тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери уланууда.

Источник: super.kg маалымат-маанайшат порталы

26 Март 2026 жыл 10:10
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча