Бүгүн Бишкектеги “Мурас” турак жай комплексинен 1080 үй-бүлө көптөн күткөн батирине ээ болот. Бул тууралуу президенттин Иш башкармалыгынын жетекчиси Каныбек Туманбаев социалдык баракчасы аркылуу билдирди.
Анда ал бүгүн, Маликов көчөсүндөгү “Мурас” турак жай комплексинде 8 блоктон турган 18 жана 24 кабаттуу ипотекалык үйлөр тууралуу билдирүү жасап, “Сабырдуу болсок, кезекте турган жарандар 2-3 жылдын ичинде үйлүү болосуздар”,-деген.
Белгилей кетсек, 2025-жылы Мамлекеттик ипотекалык компаниясынан 4662 жаран батир алган. Учурда жалпы 80 245 батир курулууда.
МИКтен “Кабар” агенттигине билдиришкендей, бүгүн Маликов, 91 көчөсүндөгү “Мурас” турак жай комплексинен 8 блоктон турган 18 жана 24 кабаттуу үйлөрдөн 1080 батир өз ээлерине тапшырылат.