Айсулуу Тыныбекова Бириккен күрөш дүйнөсүнүн (UWW) версиясы боюнча дүйнөлүк рейтингден чыгарылды.
Жаңыланган рейтинг Хорватияда 13-сентябрдан 21-сентябрга чейин өткөн Дүйнө чемпиондугунун жыйынтыгы боюнча түзүлдү.
Тыныбекова 3-орунду алган Париж Олимпиадасынан кийин спорттук карьерасын токтотконун билдирген.
Кийин ал Кыргызстандын Күрөш федерациясынын вице-президенти болуп шайланып, жакында эле UWW спортчулар комиссиясынын мүчөсү болгон.
2024-жылдын аягында Тыныбекова 62 кг салмакта дүйнөлүк рейтингде 3-орунда болсо, апрель айында өткөн Азия чемпионатынан кийин 5-орунга түшүп калган.
Июнь айында ал 7-орунду ээлеген, бирок Хорватияда өткөн дүйнөлүк чемпионаттан кийин тизмеден чыгарылган.
Учурда бул салмакта Кыргызстандын атынан 21-орунда турган Калмира Билимбек кызы катышууда.