Улуттук хирургия борборунда боорду алмаштыруу боюнча экинчи операция жасалды

Бишкектеги М.Мамакеев атындагы Улуттук хирургия борборунун базасында 23-июнда боорду алмаштыруу боюнча экинчи операция жасалды. Бул тууралуу «Биринчи радио» түз эфиринде борбордун боор хирургиясы бөлүмүнүн башчысы, КРнын эмгек сиңирген дарыгери Эрнис Тилеков билдирди.

Анын айтымында, трансплантация абдан ийгиликтүү өттү. Боордун бир бөлүгү уулунан атасына көчүрүлдү. Бейтаптардын абалы канааттандырарлык, бүгүн донорду кадимки палатага которуу пландалууда.

Бул операция дагы Шумаков атындагы институттун (Москва) алдыңкы хирургдарынын катышуусунда өттү, Орусиядан төрт адис келген. Трансплантациялоо үчүн чоң команда керектелет.

Эрнис Тилеков эске салгандай, 2026-жылдын 14-апрелинде алгачкы жолу мамлекеттик клиникада РФнын башкы трансплантологу Сергей Готьенин жетекчилиги астында боордун бир бөлүгүн туугандар арасында алмаштыруу операциясы ийгиликтүү жасалган. Анда бейтаптын 20 жаштагы уулу донор болгон.

«Кечээ алар менен жолуктум, бейтаптардын абалы абдан жакшы. Уулу — биздин кесиптешибиз, чуркап, окуп жүрөт. Атасы — жашоого куштар адам, фермерлик менен алектенип, иштеп, унаа айдап калды. Ал ар бир 10-15 күндө бизге келип, анализ тапшырып турат, биз көзөмөлдөп жатабыз», — деп кошумчалады Эрнис Тилеков.

Анын маалыматы боюнча, боорду алмаштыруу операциялары Ош шаарында дагы орусиялык хирургдор менен биргеликте жасалууда.

25 Июнь 2026 жыл 16:26
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча