XX Азия оюндары 2026: Бүгүн Раззак Бейшекеев баштаган 4 балбан килемге чыгат

Япониянын Нагоя шаарында өтүп жаткан Азия оюндарында бүгүн, 30-сентябрда күрөш боюнча мелдештердин алгачкы күнү башталат. Бул күнү Кыргызстандын улуттук курама командасынан 4 спортчу чыгат. Анын ичинде грек-рим күрөшүнөн 3 балбан жана кыз-келиндер күрөшүнөн 1 балбан күч сынашат.

30-сентябрда килемге чыга турган кыргызстандык балбандардын тизмеси:

Раззак Бейшекеев — Грек-рим күрөшү, 67 кг

Асан Жанышов — Грек-рим күрөшү, 87 кг

Мурат Ботоев — Грек-рим күрөшү, 130 кг

Мээрим Жуманазарова — Кыз-келиндер күрөшү, 68 кг

Мелдештин башталышы Бишкек убактысы боюнча:

07:30 — алдын ала, тандап алуу жана чейрек финалдык беттештер башталат.

15:00 — финалдык бөлүк. Коло медаль жана алтын медаль үчүн күрөштөр башталат.

30 Сентябрь 2026 жыл 9:26
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча