Ысык-Көлдө Кыргызстандагы алгачкы шамал генератору орнотулду. Жашыл энергетика ассоциациясынын төрайымы Кундус Кырбашева анын орнотулуп жаткан видеосу менен бөлүштү.
“Бүгүн биз чоң өзгөрүүнүн күбөсү болуп жатабыз — тарыхта биринчи жолу шамал генератору орнотулду! Бул жөн гана генерация эмес … бул улуттун кыялы, көп жылдык эмгектин жемиши, жашыл келечекке жол ачкан символ!
Биздин тоолорду аралап өткөн шамал эми электр энергиясына айланып, өлкөбүздү жарыктандыра баштайт. Бул – Кыргызстандын жаңы доору, жашыл энергетиканын жаңы барагы, шамалдын күчүнөн жаралган келечек!
Кечээ эле кыялданганыбыз, бүгүн ишке ашырдык. Эртең бул кыял өлкөбүздүн экономикасын көтөрүп, келечек муундарга мурас болуп калат”.
Ал мындай генератордон дагы жүзү орнотулуп, жалпы кубаттуулугу 100 мегаватт болоорун кошумчалады.