Ысык-Көлдө мыйзамсыз балык кармагандарга кылмыш иши козголду

Ысык-Көлдө мыйзамсыз балык кармап жүргөндөр аныкталып, кылмыш иши козголду. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Милиция кызматкерлери тарабынан териштирүү жана текшерүү учурунда кармалган браконьерлерден 1 даана  үйлөмө кайык, 88 даана “чабак”, 12 даана “форель”, 6 даана “судак”, жана 28 даана “сига” балыктары  табылып алынган.

Аталган фактылар Түп, Жети-Өгүз жана Ысык-Көл райондорунун ички иштер бөлүмдөрүнүн КБРне катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 310 (Балыкты, же болбосо суу жаныбарларын мыйзамсыз улоо жана олжолоо) беренсинин негизинде кылмыш иши козголгон.

11 Май 2023 жыл 7:37

Тема боюнча