Ысык-Көлдө VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына арналган жаңы көк бөрү аянтчасы курулду

Ысык-Көлдө VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында көк бөрү жана көкпар боюнча мелдештер өтө турган жаңы аянтча курулду.

Көчмөндөр оюндарынын башкы режиссёру Алтынбек Максүтовдун айтымында, аянтча 10 миң көрүүчүгө ылайыкталган. Көрүүчүлөр оюнду талаага жакын аралыктан көрө алышат.

Аянтчанын конструкциясында коопсуздук талаптары эске алынып, коргоочу тосмолор орнотулган. Ал жеңил чечилип-орнотулуучу элементтерден жасалган.

«Жаңы көк бөрү аянтчасында спортчулардын өздөрү кыялданган арена түзүлдү. Ипподромдо көрүүчү оюн талаасынан болжол менен 200 метр алыста болсо, жаңы аянтчада оюнду 10 метрге жакын аралыктан көрүүгө болот», — деди Максүтов.

Максүтовдун белгилегендей, аренаны курууда эки оюндун тең өзгөчөлүктөрү эске алынган. Тактап айтканда, көкпар үчүн аянтчанын көлөмү чоңурак болот.

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Кыргызстанда 31-августтан 6-сентябрга чейин өтөт.

12 Август 2026 жыл 15:21
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча