Жүк ташуучу унаа менен Нарын дарыясына түшүп кеткен айдоочунун жансыз денеси табылды

Нарын милициясы дайынсыз жоголгон айдоочунун жансыз денесин тапты. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Белгилей кетсек, 13-август күнү Нарын-Эки-Нарын унаа жолунун 43-44-чакырымында көпүрө сынып, оор жүк ташуучу унаасы айдоочусу менен Нарын дарыясына кулап кеткен. Унаанын айдоочусу 1984-жылы туулган жаран кырсыктан кийин дайынсыз болуп, аны издөө иштери башталган.

Бүгүн, 15-август күнү издөө иштеринин жүрүшүндө, дайынсыз жоголгон айдоочунун жансыз денеси Нарын облусунун Ак-Кыя аймагынан милиция кызматкерлери тарабынан табылган. Азыркы учурда тиешелүү тергөө жана документтештирүү иштери жүрүп жатат.

15 Август 2025 жыл 15:29
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча