Өлкөдө ондогон жылдар бою тамыры тереңдеп кеткен коррупцияны ооздуктоого жетиштик. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров бүгүн, 10-ноябрда Бишкек шаарында өтүп жаткан «Кыялымдагы Кыргызстан» улуттук жаштар форумунда билдирди.
Мамлекет башчысы белгилегендей, коррупцияга каршы күрөш бир күнгө да тыным алган жок.
“Жедеп, чырмалышып калган схеманын бырын-чырынын чыгарып, ондогон жылдар бою тамыры тереңдеп кеткен коррупцияны ооздуктоого жетиштик. Эми элдин мүлкүнө, мамлекеттин каражатына көз арткандарга жол бербейбиз. Мындай учурда жеп-ичкичтик, жемкордук, паракорчулук деген ооруларга каршы тура турган күч – бул жаштар, силер болушуңар керек. Ата Мекенин өз атасын, өз энесин сүйгөндөй сүйүп, ыйык туткан жаш муун өсүп жетилиши мезгилдин талабы болуп калды”, — деди өлкө башчысы.