Жерүй аймагында Кызыл китепке кирген жаныбарлар катталды

Жерүй кенинин аймагында сейрек кездешкен жаныбарлар аныкталды. Бул тууралуу «Альянс Алтын» компаниясы билдирди.

Маалыматка ылайык, жапайы жаныбарларды байкоо иштеринин жүрүшүндө атайын орнотулган автоматтык камераларга Кызыл китепке кирген айрым жаныбарлар түшүп калган. Алардын арасында түркстан сүлөөсүнү, индиялык тикенектүү чычкан, гималай жору (кумай), ошондой эле башка жаныбарлар менен канаттуулар бар.

Компаниянын экологиялык кызматы аймактагы жапайы жаратылышты туруктуу көзөмөлдөп келет. Бул иштер экосистеманын абалын баалоого жана сейрек кездешкен түрлөрдүн бар экенин аныктоого шарт түзөт.

Ошондой эле жаратылышты коргоо багытында бир катар иш-чаралар жүргүзүлүүдө. Атап айтканда, эки егерь кызматка алынып, алар жаныбарларды байкоо, алардын коопсуздугун камсыз кылуу жана браконьерликке жол бербөө иштерин аткарып жатышат.

Мындан тышкары жапайы жаныбарларга кошумча азык берүү уюштурулган. Алар жашаган аймактарга үзгүлтүксүз чөп, дан азыктары жана туз коюлуп турат. Ошондой эле жаныбарлардын санына байкоо жүргүзүлүп, табигый тең салмактуулукту сактоого багытталган иштер жүргүзүлүүдө.

Бул багыттагы иштерди күчөтүү үчүн жапайы жаратылышты коргоо тармагында тажрыйбасы бар адис келишим негизинде тартылган

10 Апрель 2026 жыл 13:36
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча