Кыргызстандагы жогорку окуу жайларында бюджеттик негизде жана келишим акыга окутуу формалары үчүн кабыл алууда абитуриенттердин Жалпы республикалык тестирлөөдөн билимин аныктаган босого баллы быйыл өзгөртүлбөйт. Бул тууралуу илим, жогорку билим берүү жана инновация министринин орун басары Дурус Козуев 19-февралда журналисттерге билдирди.
Анын сөзүнө караганда, быйыл дагы былтыркы босого балл сакталат. Негизги тест 110, предметтик тесттер 60 баллдан төмөн болбогон абитуриенттер жогорку окуу жайларына кабыл алынат.
Ошол эле учурда айрым кесиптер жана багыттар боюнча айырмачылыктар сакталат. Педагогика адистигине — бюджеттик орундар үчүн 130, келишим негизинде 115, медициналык — бюджеттик орундарга 120, келишим негизинде 110, айыл чарба адистиктерине — бюджеттик жана келишим орундарына 100 балл.
Дурус Козуев Ички иштер министрлигинин академиясына жана Коргоо министрлигинин алдындагы Аскер институтуна билим тестинен тышкары медициналык кароодон жана башка кошумча сыноолордон өткөн абитуриенттер кабыл алынарын кошумчалады.