Жол кире 600 сом. Ала-Арчадагы асма жол 19-февралдан тарта эс алуучуларды кабыл ала баштайт

«Ала-Арча» жаратылыш паркындагы асма жол 19-февралдан тарта эс алуучуларды кабыл ала баштайт, жол кире 600 сомду түзөт

Бүгүн Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров «Ала-Арча» жаратылыш паркындагы асма жолдун ачылыш аземине катышып, анын расмий ишке киришине старт берди.

Долбоор Кыргыз Республикасынын Президентинин тапшырмасы менен Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы тарабынан, Иш башкаруучу Каныбек Туманбаевдин жетекчилиги астында ишке ашырылды. Башкы подрядчы катары асма жолдорду куруу боюнча дүйнөлүк лидер болуп саналган австриялык Doppelmayr компаниясы эсептелет.

Ошондой эле жаратылыш паркынын аймагында бардык заманбап шарттары, анын ичинде жакузи жана саунасы бар 21 коттедж расмий түрдө пайдаланууга берилди.

Президент Садыр Жапаров белгилегендей, үстүбүздөгү жылдын март айында долбоордун экинчи этабы — көзөмөл-өткөрүү пунктунан учурдагы асма жолго чейин жалпы узундугу 12 чакырымды түзгөн жаңы линиянын курулушу башталат.

Мындан тышкары, үстүбүздөгү жылы парктын аймагында бассейни бар беш жылдыздуу мейманкананы жана родельбан аттракционун ачуу пландалууда.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкаруучусу Каныбек Туманбаевдин маалыматына ылайык, асма жол 19-февралдан тарта эс алуучуларды кабыл ала баштайт. Жол кире баасы 600 сомду, ал эми балдар үчүн 400 сомду түзөт.

Белгиленген тариф заманбап инфраструктураны курууга жумшалган ири инвестициялар, ошондой эле эксплуатация, техникалык тейлөө жана электр энергиясына кеткен чыгымдар менен негизделет. Ошол эле учурда жол кире башка өлкөлөрдөгү окшош объекттерге салыштырмалуу жеткиликтүү болуп, жарандар үчүн коопсуз жана ыңгайлуу эс алуу шарттарын камсыз кылат.

18 Февраль 2026 жыл 20:10
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча