
Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Балбак Түлөбаев Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиевге кайрылып, “Мэрди кар күрөөгө жиберели” деп билдирди.
Эске салсак, бүгүн Жогорку Кеңеште “Бишкек жана Ош шаарларынын аймагында транспорттук тыгындарды азайтуу жана автомобиль транспортунун кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу чаралары жөнүндө” токтомдун долбоору талкууланды. Жыйынга Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев да катышкан.