Ысык-Көл облусунда заманбап шамал электр станциясын куруу боюнча келишимге кол коюлду. Макулдашуу VIII Кыргыз-Россия экономикалык форумунун алкагында Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду менен ”НоваВинд Кыргызстан“ компаниясынын ортосунда түзүлдү.
Бул долбоор ”Росатом“ мамлекеттик корпорациясынын Кыргызстандагы шамал энергетикасы тармагындагы эң биринчи объектиси болуп калат. Келишимге ылайык, компания инженердик-изилдөө иштеринен жана жабдууларды өндүрүүдөн тартып, станцияны пайдаланууга берүүгө жана кийинки эксплуатацияга чейинки бардык этаптарды толугу менен ишке ашырат.
Маалымат үчүн: Долбоордун инвестору ”НоваВинд“ буга чейин Россиянын түштүк аймактарында жалпы кубаттуулугу 1,3 ГВттан ашкан 10 шамал электр станциясын ийгиликтүү ишке киргизген. Компания 2028-жылга чейин өз объекттеринин жалпы кубаттуулугун 2 ГВтка жеткирүүнү көздөп жатат.