Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында депутат Улан Примов өлкө тарыхында буга чейин мамлекет башчысынын эл өкүлдөрү менен мынчалык түз жана ачык диалог жүргүзгөн учуру болбогонун белгилеп, президент Садыр Жапаровго ыраазычылык билдирди.
«Бул сиздин элге жакындыгыңызды жана жөнөкөйлүгүңүздү айгинелейт. Ушул кадамдарыңыз үчүн терең ыраазычылык билдиргим келет», — деп баса белгиледи эл өкүлү.