Улуттук банктын мурдагы төрагасы Мелис Тургунбаев камакка алынды

Жакында эле кызматынан алынган Улуттук банктын экс-төрагасы Мелис Тургунбаев кечээ 25-мартта ИИМдин Тергөө кызматы “Кыргызнефтегаз” иши боюнча күбө катары суракка чакырган.

Сурактын жыйынтыгында Тургунбаев Бишкек шаарынын ИИББсынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Белгилей кетсек, буга чейин Тургунбаев жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри кызматын да аркалаган.

26 Март 2026 жыл 10:42
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча